Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасында “Кыргызстан УЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү

12 Сентябрь 2024 ж.

Бүгүн 12-сентябрь, Ош электр тармактары ишканасында “Кыргызстан УЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү.
 
Директорлор кеңешинин 9-12-сентябрь күндөр аралыгында иш-сапарынын негизинде Ош ЭТИнин Ноокат, Араван, Сулайман-Тоо, Ош, Чоң-Алай, Алай РЭТ, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа РЭТтерин жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинде жыйын өтүп, дебитордук карыздар, күз-кышка даярдык, РЭТтердин административдик абалы жана жаңы курулуштар менен таанышып, энергетиктердин көйгөйлүү маселелерин угуп, чечип берүүнү убадалады.
 
Бүгүнкү күндө, Ош ЭТИнин жыйындар залында директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович, Кудайбердиев Ормонбек Бурканович, Маматов Мирбек Абдухамитович, “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дуйшо уулу жана Ош ЭТИнин РЭТ жетекчилери жана кызматкерлери катышкан көчмө жыйын болуп өттү.
 
Жыйындын алкагында :
1. Ош электр тармактар ишканасынын
ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдын биринчи жарым
жылдыгынын жыйынтыгы тууралуу.
2. "Кыргызстан УЭТ" ААКнун филиалы Ош электр тармактар ишканасынын 2024-2025-жылга
карата күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу.
3. Электр энергиясынын сатуу бөлүмүнүн жана
капиталдык курулуш ишмердүүлүгүнүн отчеттору угулду.
 
“КУЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн айтып, 2024-2025-жылкы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жакшы даярдык көрүү зарыл экендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге, керектүү материалдар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерине токтолду. Мындан тышкары авариялык өчүүлөргө өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү зарыл экендигин кошумчалады.