Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасында күз-кыш мезгилдерине даярдык иштери жүргүзүлүп жатат

12 Июнь 2023 ж.

Ош электр тармактары ишканасында күз-кыш мезгилдерине даярдык иштери жүргүзүлүп жатат
Пландык иштердин негизинде, "Каратай-Гүлчө-Сары-Таш" 110кВтук аба чубалгысында мөөнөтү өткөн жалпысынан 4500 даана обочолонгучтарды алмаштыруу иштери, жогорку чыңалуу кызматы тарабынан толугу менен аткарылып бүттү.
Аталган аба чубалгыларында электр зымдарынын 40 жылдык кызматтык мөөнөтү бүткөндүктөн жаңылары курулган.
Ошондой эле электр мамычаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдыгын текшерип, оңдоп түзөөгө муктаждарды калыбына келтирүү иштери аяктады.