Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата кызматкерлерди окутуу эвакуациясы болуп өттү

3 Октябрь 2023 ж.

«5–октябрь Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү
Ош электр тармактары ишканасында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата кызматкерлерди окутуу эвакуациясы болуп өттү.
Кырсык коркунучунун алдын алуу жана аныи азайтуу, коопсуздук маданиятын жогорулатуу максатында Ош электр тармактары ишканасынын кызматкерлерине жана бардык РЭТтерде, электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүндө эвакуациялоо боюнча окуу иш-чарасы өттү.
Саат 10:00дө сирена жаңырып, эвакуация планына ылайык бардык кызматкерлер жана жумушчулар ыкчам түрдө имараттан чыгып кетишти. Машыгууга мекеменин баардык кызматкерлери катышты.
Машыгуу учурунда кооптуу жана авариялык бөлүмдөрдөн өз убагында эвакуациялоонун маанилүүлүгү, коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.