Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын 35/10кВ “Речная” көмөк чордонунда капиталдык утурумдук ремонт иштери жүрүп жатат

18 Октябрь 2023 ж.

Ош электр тармактары ишканасынын 35/10кВ “Речная” көмөк чордонунда капиталдык утурумдук ремонт иштери жүрүп жатат
Аталган көмөк чордондон 18 ячейка тарамдары(фидер) бөлүнгөн. Ош шаарынын Резиденция, Юго-Восток, Южная кичи райондорун тейлейт.
Капиталдык ремонттун негизинде эскилиги жеткен тетиктерди алмаштыруу, актап сырдоо иштери аткарылууда. Трансформатордогу майлар алмаштырылууда.
Бүгүнкү күндө көмөк чордондо жумуштар 70%га аткарылып, ушул жуманын аягына чейин 100%га бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 35/10кВ “Речная” көмөк чордону 1980-жылы курулуп, 43 жылдан бери кызмат кылып келет.