Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын бардык РЭТтеринде коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чара болуп өттү

21 Октябрь 2024 ж.

”КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары Нурбек Абдыкадыров баштаган комиссия мүчөлөрү, ОРЭ бөлүмүнүн башчысы Мирлан Камалов, Биринчи бөлүмдүн башчысы Динара Мырсабекова, ЭТЛ бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Пазылов, Юридикалык бөлүмдөн Арзымат Исаев жана Кадырбек Усеновдор коррупциялык иштердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
 
  2023-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планы 2012-жылдын 8-августундагы Nº153 «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан.
 
 Иш-чаранын максаты:
Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу.
Коррупция менен байланышкан терс процесстерден жана көрүнүштөрдөн ишкананын жана кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
 Күтүлгөн натыйжалар:
Башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу, Ош ЭТИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Ош ЭТИнин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө кызматкерлердин ишенимин бекемдөө.
Ишкананын кызматкерлеринин антикоррупциялык аң-сезимин калыптандыруу.