Кеңешмеде күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери, колл-центрди жайылтуу, бизнес пландын аягына чыгып бүткөрүү, “Мой свет” тиркемесин колдонууда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептердеги кышка карата даярдыгы өңдүү маселелери каралды. Мындан тышкары 1-8-октябрь аралыгында Ош облусу, Баткен электр тармактары ишканасы, Жалал Абад электр тармактары ишканасы арасында СИП зымдарын тартуу иш чарасын Ош шаарында өткөрүү пландалды.