Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын директору сиздерди Жаңы-жыл менен куттуктайт

31 Декабрь 2023 ж.

Урматтуу мекендештер!
 
Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы-жылыңыздар менен Ош электр тармактары ишканасынын жалпы жамаатынын атынан, жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн
куттуктаймын!
 
Жаңы жыл баарыбыз үчүн жакшылыктын, ынтымактын, ийгиликтин, тынчтыктын жылы болсун! Жаңырган жаңы жылда тилеген тилек, ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашып, бийик
кыялыңыздар орундалсын!
 
Келе жаткан жаңы жылга чон үмүттөрүбүздү артып, эртеңки келечекке зор ишенич менен кадам таштайлы. Жаңы жылда мекендештерибизге чын ден-соолук, узун өмүр, токчулук менен молчулук, албан-албан ийгиликтерди каалайм!
 
Жакындарыбыз менен бейкутчулукта, биргеликте, жыргалчылыкта маңыздуу өмүр сүрөлү! Жан дүйнөбүздө, үйүбүздө дайыма жарык жана жылуулук болсун!
Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен!
Урматтоо менен Ош электр тармактары ишканасынын директору Ысманов Эмилбек Касымович.