Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын футболчулары 1-орунду алышты

15 Август 2024 ж.

  Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы өткөргөн “Биздин шоро лигасы 2024” мелдешинде “КУЭТ ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын “ОшПЭС” командасы финалда “Бакай Ош” командасы менен ойноп, биринчиликти камсыздашты.
 
  Оюнга Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 24 команда катышкан.
 
ОшПЭС командасы эми “Биздин Шоро Лига 2024” Республикалык этабында Ош облусунун атынан катышат.