Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан катардагы оңдоп түзөө иштери жасалууда

13 Июль 2023 ж.

✅Ош электр тармактары ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан катардагы оңдоп түзөө иштери жасалууда.
✅Учурда, Ош шаарынын калкынын Кызыл-Кыштак, Шейит-Төбө, Нариман, Достук айыл аймактарын электр энергиясы менен камсыздаган 35/10кВ Ош-2 көмөк чордонунда күз-кыш мезгилдерине карата камылга иштери кызуу жүрүп жатат.
✅16000 кВ Ампер кубаттуулуктагы күч трансформаторунда кезектеги утурумдук оңдоо иштери электр эпкерлер тарбынан жасалууда. Бекитилген график боюнча июль айынын аягына чейин көмөк чордондогу күч трансформаторлору жана бөлүштүрүүчү электр жабдыктары толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп бүтөт.🛠️🛠️🛠️
✅Түзүлгөн пландын негизинде аткарылып жаткан жумуштар күз-кыш мезгилдерине энергообьектилерди даярдоо менен биргеликте элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. 💡💡💡