Колл - борбор: 105

Ош электр тармактары ишканасынын Өндүрүштүк лабораториялык корпусу капиталдык ремонттон өткөрүлдү

16 Июль 2026 ж.

Энергетика министрлигинин колдоосу жана тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Өндүрүштүк лабораториялык корпусу капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап талаптарга ылайык жаңыланды.
Аталган имарат 2000-жылы курулуп, көп жылдар бою ишканадагы маанилүү өндүрүштүк багыттардын бирин камсыздап келген. Убакыттын өтүшү менен имараттын техникалык абалын жакшыртуу, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү максатында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы жаралган.
2026-жылы “Азия Вей Групп” ЖЧКсы тарабынан Өндүрүштүк лабораториялык корпуска капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп, имарат толугу менен жаңыланды. Долбоорду ишке ашырууга “КУЭТ” ААК тарабынан 11 млн 554 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында имараттын ички жана сырткы бөлүктөрү жаңыланып, бөлмөлөрдүн шарттары жакшыртылды. Ошондой эле кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлдү.
Имараттын жаңыланышы менен лабораториянын иштөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, кызматкерлердин эмгек шарттары жакшырды. Бул электр энергиясын керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана энергетикалык тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.