Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин адмнистративдик имаратында ремонт иштери жүргүзүлдү

13 Октябрь 2023 ж.

Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин адмнистративдик имаратында ремонт иштери жүргүзүлдү
Ноокат райондук электр тармактарынын 6-7 жылдан бери иштетилбей жараксыз болуп келген жыйындар залында актоо-сырдоо иштери жүргүзүлүп, айнек-терезелери пластикке алмаштырылды. Жалпысынан 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты сарпталган актылык зал РЭТтин кызматкерлеринин өз аракети менен оңдолуп, Ош ЭТИ тарабынан стол стулдар менен камсыздалды.