Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө
1 Октябрь 2025 ж.
”КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Биринчи бөлүмүнүн башчысы Динара Мырсабекова коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө, алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрь Nº209 Мыйзамынын ишке ашырылышына ылайык иштелип чыккан.
Иш-чаранын максаты:
Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу.
Коррупция менен байланышкан терс процесстерден жана көрүнүштөрдөн ишкананын жана кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу, Ош ЭТИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Ош ЭТИнин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө кызматкерлердин ишенимин бекемдөө.
Ишкананын кызматкерлеринин антикоррупциялык аң-сезимин калыптандыруу болуп саналат.