Ош электр тармактары ишканасынын жаңы ачылган Сулайман-Тоо РЭТинде күз-кышка даярдык иштери жүргүзүлүүдө
9 Сентябрь 2023 ж.
Ош электр тармактары ишканасынын жаңы ачылган Сулайман-Тоо РЭТинде күз-кышка даярдык иштери жүргүзүлүүдө
ЕББР долбоорунун алкагында эскилиги жеткен аба чубалгыларын жаңы СИП өткөргүчтөргө алмаштыруу иштери аткарылууда.
Бул долбоор былтыркы жылдан тарта ишке ашып келет. Быйылкы жылдын эсебинен 145 км аба чубалгысы планданган, учурда анын 100километри тартылып бүттү.
СИП өткөргүчтөрдүн артыкчылыгы кыска замыканиелерди азайтат жана техникалык жоготуулардын алдын алат.
Азыркы тапта Ош-3 көмөк чордонунан чыккан фидерлерде өткөргүчтөр тартылып бүттү. Ак-буура көмөк чордонунан Кайырма фидериндеги аба чубалгыларын орнотуп, 7 трансформатор бүтүп, дагы 7 трансформатор калган.
Бүгүнкү күндө, жогорудагы аталган иштер Ош шаарынын Молдо-Нияз көчөсүндө ишке ашырылууда.