Колл - борбор: 105

Ош электр тармактарында АСКУЭ эсептегичтери жана электр энергиясын сатуу боюнча түшүндүрүү жыйыны өттү

6 Февраль 2026 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу Ош электр тармактары ишканасында АСКУЭ – акылдуу электр эсептегичтери жана электр энергиясын сатуу боюнча түшүндүрүү жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылы Ош облусунун Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Араван райондук электр тармактарына (РЭТ) акылдуу электр эсептегичтери 2025-жылдын планына ылайык толук орнотулуп бүткөндүгү белгиленип, аталган аймактардын жана ишкананын коммерциялык багыттагы кызматкерлерине оптимизация иштерин жүргүзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, ишкананын жаңы түзүмдүк (структуралык) өзгөрүүлөрү тууралуу маалымат берилип, алардын максаты жана ишке ашыруу механизмдери кеңири баяндалды.
🔎 Маалымат үчүн:
Акылдуу электр эсептегичтердин негизги максаттары жана артыкчылыктары төмөнкүлөр:
• Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;
• Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;
• Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;
• Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө алуу;
• Электр энергиясын ашыкча колдонгондо же карыз болгон учурда автоматтык өчүрүү;
• Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошуу;
• Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгондо дароо сигнал берүү.
Акылдуу электр эсептегичтердин орнотулушу менен абоненттер менен кызматкерлердин ортосундагы түз байланыш азайып, тейлөө процесси ачык жана натыйжалуу жүргүзүлөт.
Жыйынга “КУЭТ” ААКнын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу, “КУЭТ” ААКнын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Каныбек Асанов, ошондой эле Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.