Колл - борбор: 105

Ош электр тармактарында кубаттуулукту жогорулатуу боюнча ири иштер аткарылды

15 Январь 2026 ж.

2025-жылы, Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактарында электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлдү. Анын алкагында жүктөмү жогору аймактарда кубаттуулугу жетишсиз болгон трансформаторлор жогорку кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлорго алмаштырылды. Ошондой эле жаңы көмөк чордондор курулду.
Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай”, ал эми Ноокат районунда 35/10 кВ “Кулатов” көмөк чордондору курулду.
Азыркы тапта, көмөк чордондор пайдаланууга берилип, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда. “Кулатов” көмөк чордону 2- элдик элдик курултайда көтөрүлгөн маселенин негизинде курулуп, аталган көмөк чордонго Абшыр-Кулатов 35 кВ аба чубалгысы тартылды.
Мындан тышкары Ош облусунда каскаддык ыкма менен трансформаторлор алмаштырылды.
Кара-Суу районунда керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө байланыштуу 110/10 кВ “Таширов” көмөк чордонуна 10 МВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна 16 МВА күч трансформатору орнотулду.
Араван районундагы 110/10 кВ “Төбө-Коргон” көмөк чордонуна 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 10 МВА трансформаторго алмаштырылды.
Ош шаарындагы керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу 35/10 кВ “Речная” көмөк чордонуна Т-1 10 МВА трансформатордун ордуна 16 МВА трансформатор алмаштырылды.
35/10 кВ “Западный” көмөк чордонуна Т-2 6,3 МВА трансформатордун ордуна 10 МВА трансформатор орнотулду.
Өзгөн районундагы 35/10 кВ “Мырза-Аке” көмөк чордонуна 2,5 МВА трансформатор 6,3 МВА трансформаторго алмаштырылды.
35/10 кВ “Заргер” көмөк чордонуна кубаттуулугу 1,6 МВА болгон трансформатордун ордуна 2,5 МВА трансформатор орнотулду.
Ош шаарындагы 35/10 кВ “Ош-7” көмөк чордонуна 10 МВА трансформатордун ордуна 16 МВА трансформатор коюлду.
35/10 кВ “Ош-5” көмөк чордонуна Т-2 6,3 МВА трансформатор 10 МВАга алмаштырылды.
35/10 кВ “Ош-3000” көмөк чордонуна Т-1 4 МВА трансформатор 6,3 МВАга алмаштырылды.
35/10 кВ “Куршаб” көмөк чордонуна Т-2 2,5 МВА трансформатор 4 МВАга алмаштырылды.
Бул иш-чаралар керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле тармактагы жүктөмдү тең салмактоого багытталган.