Колл - борбор: 105, 1209

Ош ЭТИнин директору Эмилбек Ысмановдун Ноорузга куттуктоосу

21 Март 2024 ж.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жаркыраган жаз менен, элибиз сүйгөн Нооруз майрамы менен жеке өзүмдүн жана Ош электр тармактары ишканасынын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Нооруз, тазаруунун, арылуунун, аруулуктун майрамы.
Нооруз теңдиктин, тең бөлүшүүнүн, ынтымактын, кайрымдуулуктун майрамы. 21-марттан Күн менен түн теңелген касиеттүү күн. Бул күнү күндүн жарыгы планетабыздын эки жарым шарына бирдей тиет, ысыгы эки жарым шарды бирдей ысытат. Ата-бабабыз бул теңдикти өз майрам ырымдарына да чагылтып, жаш-кары, бай-кедей, аял-эркек дебей бир казанда сүмөлөк кайнатып тең бөлүшүп жешкен. Сүмөлөктүн негизги азыгы болгон буудайдын бүчүрү да жаңыдан башталган жашоонун символу.
Эзелтен Нооруз - тирүүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы.

Урматтуу мекендештер!

Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!

Терең урматым менен, Ош электр тармактары ишканасынын директору Ысманов Эмилбек.