Колл - борбор: 105, 1209

Ош облусунда 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери башталды

15 Март 2024 ж.

Ош облусунда 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери башталды
 
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынынын “Көмөк чордондор” кызматы тарабынан кезектеги оңдоо иштери бүгүнкү күндө 35/10 кВ “Араван” жана 35/10кВ “Ош-3” көмөк чордондорунда жүрүп жатат.
 
Тактап айтканда, көмөк чордондордогу негизги электр жабдыктарын профилактикалык сыноодон өткөрүп, кыймылдаткыч бөлүктөрүн оңдоп-түзөө, майлоо иштери жасалууда.
 
Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, көмөк чордондогу авариялык кырдаалды болтурбоону, жана алдын алууну көздөйт.