Ош облусунда 2025-жылы 100 850 даана акылдуу эсептегич орнотулат
12 Июнь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында калкка акылдуу эсептегизтерди орнотуу иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Энергетика министри Т.Ибраевдин тапшырмасы менен быйыл ар бир регионго бөлүштүрүлгөн АСКУЭ эсептегичи графикке ылайык өз убагында орнотулушу керек.
Мындан улам, быйыл Ош электр тармактары ишканасында 100 850 даана акылдуу электр эсептегич (АИСКУЭ) орнотулат. Учурда энергетиктер тарабынан ыкчам иштер аткарылууда.
Ош облусу боюнча акылдуу эсептегичтерди үч районго бөлүштүрүлгөн.
• Араван РЭТ – 27 000 даана
• Ош шаары – 27 850 даана
• Өзгөн району – 46 000 даана
2024-жылы Ош шаарынын Батыш аймагындагы жер үйлөргө эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүткөн. Быйылкы жылы болсо Чыгыш аймактагы жер үйлөргө толук орнотулуп бүтөт. Араван жана Өзгөн райондорундагы калк абоненттер акылдуу эсептегичтер менен толук камсыздалат.
Бүгүнкү күнгө чейин Ош электр тармактары ишканасынын кампасына жалпы 55 244 даана акылдуу эсептегич жеткирилген. Анын ичинен:
• 1 фазалуу – 53 651 даана
• 3 фазалуу – 1 593 даана болсо, анын ичинен 1 фазалуу – 32 927 даана, 3 фазалуу – 109 даана эсептегич түзөт.
Учурда жогоруда көрсөтүлгөн акылдуу эсептегичтердин ичинен жалпы 33 036 даанасы орнотулуп бүткөн.
Бүгүнкү күндө кампада орнотулуу үчүн сакталып турган 1 фазалуу – 20 724 даана жана 3 фазалуу – 1 484 даана акылдуу эсептегич бар.
2025-жылдын планына ылайык орнотулуучу 100 850 даана акылдуу эсептегич
жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.
Маалымат катары: Акылдуу эсептегичтердин негизги максаты жана артыкчылыктары:
• Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;
• Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;
• Коррупцияны жоюуга шарт түзүү;
• Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө берүү;
• Электр энергиясын ашыкча колдонгондо же карыз болгондо автоматтык түрдө өчүрүү;
• Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошулушу;
• Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгон учурда дароо билдирүү.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.