Колл - борбор: 105, 1209

Ош облусунда 638 трансформаторго капиталдык ремонт жасалып, 383 км 10кВ аба чубалгылары оңдоодон өткөрүлдү

7 Ноябрь 2024 ж.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилдерине карата 95% га даяр.
 
  Ош облусунда энергетиктер күз-кыш мезгилдерине карата даярдык катары пландалган ремонттук иштердин алкагында жогорку чыңалуудагы 220/110/35 кВ кубаттуулуктагы 10 даана көмөк чордонду, жогорку чыңалуудагы 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 137,9 км, 10-6-0,4 кВ кубаттуулуктагы трансформатордон 638 даана, 10-6-0,4кВ аба чубалгыларында 383,7 км оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
 
  Ал эми утурумдук тейлөө боюнча 220/110/35 кВ кубаттуулуктагы 77 көмөк чордон, 220/110/35 кВ1421 км аба чубалгы, 3385 даана трансформатор (ТП жана КТП), 10-6-0,4 кВ 6931 км аба чубалгы тейлөөдөн өткөрүлдү.
 
 Капиталдык курулуш иштери боюнча Кара-Кулжа РЭТинин имараты жаңыдан салынууда жана декабрь айында курулуш иштери аяктап, расмий ачылышы орун алат. Ошондой эле Алай районунда “Бүлөлү” көмөк чордону, Ош шаарында опоралык цехтин, Ноокат, Араван РЭТтеринде жаңы участкалык бөлүмдөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат.
 
  Мындан тышкары Ош электр тармактары ишканасы боюнча жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо кубаттуулукту жогорулатуу максатында 4 даана трансформатор алмаштырылды. Ош ЭТИ боюнча 3800 даана жыгач мамычалардын ордуна темир бетон мамычалар алмаштырылып, Сулайман-Тоо жана Ош РЭТтеринде (ТП) трансформаторлордо 98 даана шкаф жана 31 даана КСО орнотулду.
 
  Ош электр тармактар ишканасы облус боюнча 362 миң 785 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат.
 
  Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.