Колл - борбор: 105, 1209

Ош облусунда энергетикалык 2 объектинин ачылышы орун алды

29 Август 2025 ж.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош электр тармактар ишканасы тарабынан 2 жаны обьект ишке кирди. Бул обьектилер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ишке берилген 100 обьектинин катарын толуктады. Алар Ош шаарында жайгашкан “Темир бетон буюмдарын жасоо цехи” жана Араван РЭТинин “Чек-Абад”участкасынын имараты.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу жана “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКнын каржылоосу менен Ош шаарында алгачкы жолу “Темир-бетон буюмдарын жасоо цехи” курулду.
Бул өндүрүш цехи курулуш тармагында кеңири колдонулуучу төмөнкү темир-бетон буюмдарын чыгарууга адистешкен:
• СВ түрүндөгү мамычалар — электр берүү линиялары үчүн колдонулат, конструкциялардын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздайт;
• Фундаменттик блоктор (ФБС) — имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарын курууда колдонулат;
• Колодец шакекчелери — суу менен камсыздоо жана канализация системаларында колдонулат, тиешелүү стандарттарга ылайык чыгарылат.
Цех заманбап бетон аралаштыргычтар, вибропресстер, буулоо камералары жана оор буюмдарды ташуу үчүн кран жабдуулары менен жабдылган.
Өндүрүштүн артыкчылыктары:
• Сатып алуу чыгымдарын азайтуу: өз өндүрүштү уюштуруу менен темир-бетон буюмдарын сатып алууга кеткен чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;
• Жумуш орундарын түзүү: цехтин ишке кириши менен жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт;
• Жогорку өндүрүштүүлүк: буюмдарды массалык түрдө чыгаруу аркылуу курулуш долбоорлорунун талаптарын ыкчам канааттандырууга болот;
• Продукциянын сапаты: технологиялык процесстерди сактоо жана бардык этаптарда көзөмөл жүргүзүү буюмдардын ишенимдүүлүгүн камсыздайт;
• Өндүрүштүн ийкемдүүлүгү: ар кандай типтеги темир-бетон буюмдарын жеке заказдар боюнча чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле, Араван РЭТине караштуу Чек-Абад УЭСне кызматтык
имараты салынды.
Имаратка “Вкрет Мет” ЖЧКсы тарабынан 6 437 430 сомго курулуш иштери жүргүзүлдү.
Куруунун негизги максаттары:
1. Ыңгайлуу иш шарттарын түзүү; жаңы имарат кызматкерлердин эс алуусу жана иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылат.
2. Коопсуздукту камсыз кылуу; заманбап материалдарды жана технологияларды колдонуу имараттын бекемдигин жана узак мөөнөттүү кызматын камсыздайт.
3. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу: ыңгайлуу кызматтык имараттын болушу иш шарттарын жакшыртып, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизет.
Имараттын негизги мүнөздөмөлөрү:
• Курулуш аянты 122,75 м² түзөт.
• Имарат эс алуу бөлмөсүн, участканын башчысынын жана ага устатынын бөлмөлөрү, шаймандарды сактоочу жайды, санитардык-гигиеналык түйүндөрдү жана оперативдүү жыйындар үчүн бөлмөнү камтыйт.
• Курулушта энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан коопсуз материалдар колдонулат.
• Имарат коопсуздуктун жана эргономиканын заманбап стандарттарына шайкеш келет.
Бул долбоордун ишке ашырылышы коопсуз жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, кызматкерлердин мотивациясын жана коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруусун камсыздайт.
Имараттардын ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев, коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу, Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана энергетика кызматкерлери катышты.