Ош облусунун аймагында электр энергиясына болгон тарифтер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
18 Март 2025 ж.
14–18-март күндөрү Ош облусуна караган бардык райондордун административдик имараттарында “2025-2030-жылдарга электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын” жаңы токтом долбоору боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Нурлан Сыдыков, Энергетика министрлигине караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директорунун орун басары Гулнара Хасенова, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – калкка электр энергиясынын учурдагы абалы, тарифтик саясаттагы өзгөрүүлөр жана алардан күтүлгөн натыйжалар тууралуу маалымат берүү. Ошондой эле, электр энергиясынын өндүрүшүнө кеткен чыгымдар, тармактагы каржылык кыйынчылыктар жана тарифтик өзгөрүүлөрдүн негизги себептери боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Электр энергиясын өндүрүү, жеткирүү жана бөлүштүрүү чыгымдарынын өсүшүнө байланыштуу, 2025-жылдын май айынан тартып калк үчүн тарифтер 1,11 сомдон 1,37 сомго чейин көтөрүлөт. Бул тарифтик өзгөрүү энергетика тармагындагы каржылык таңкыстыкты азайтуу жана келечектеги туруктуулукту камсыздоо максатын көздөйт.
Ошондой эле, 2025-жылдан 2030-жылга чейин тарифтер калк үчүн жыл сайын 20%га жогорулатылып, өнөр жай ишканалары үчүн инфляция деңгээлине жараша эсептелет.
Тарифтердин көтөрүлүшүнөн түшкөн кошумча 2,3 млрд сом төмөнкү багыттарга жумшалат:
• Импорттук электр энергиясын сатып алуу;
• Энергетикалык жабдууларды жаңылоо жана оңдоо;
• Жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү.
Жыйындын жүрүшүндө жарандар өздөрүнүн суроолорун берип, энергетика тармагындагы көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору боюнча кеңири маалымат алышты.