Колл - борбор: 105, 1209

Ош РЭТинин электр куроочусу Абдувалиев Жантөрө сыйланды

11 Июнь 2024 ж.

  Кесиптик чеберчилик боюнча өткөн Энергетиктердин эл аралык мелдешинде 1-орунду камсыз кылууга зор салым кошкон “КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТинин электр куроочусу Абдувалиев Жантөрө Ош ЭТИнин жетекчилиги тарабынан акчалай жана ак калпак, чепкен кийгизилип сыйланды.
 
  Эсиңиздерге сала кетсек, 4-6-июнь күндөрү Татарстандын Тетюши шаарында «2024-жылдын бөлүштүрүүчү тармактарынын эң мыкты бригадасы» наамы үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин электр куроочуларынын ортосунда эл аралык мелдеш өткөн.
 
  Мелдешке Түркия, Казахстан, Өзбекстан, Азербайджан, Татарстан, Кыргызстан мамлекеттеринин энергетиктери катышышып, Кыргызстандын энергетиктери 1-орунду камсыздашкан.
 
  Жыл сайын өтүүчү эл аралык мелдеш тажрыйба алмашуу, профессионалдык байланыштарды чыңдоо жана бөлүштүрүүчү тармактарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу болуп саналаарын жана ошондой эле жаш кесипкөй адистерге стимул болоорун, Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов куттуктоо сөзүндө айтып өттү.