Колл - борбор: 105, 1209

Ош РЭТтинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

12 Октябрь 2023 ж.

🔰Ош РЭТтинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
✅Ош РЭТтинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, оперативдүү диспетчердик топтун мнемоникалык схемасын заманбап электрондук схемага алмаштыруу менен аяктады. Ал жерде иштеген диспетчерлер үчүн ынгайлуу шарттар түзүлдү. Курулуш жана оңдоо иштери ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
✅Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдары – электр тармактар ишканаларында болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө энергетиктерге тиешелүү эмгек шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Анын тапшырмасы менен Ош РЭТгидей кейиштүү абалда турган административдик имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт же жаңы имараттар курулат.