Колл - борбор: 105, 1209

Ош шаарында 6 кВ жер астындагы кабелдик линия тартылууда

25 Июль 2025 ж.

Ош шаарында энергетикалык жүктөмдү азайтуу максатында, жаңы 6 кВ кубаттуулуктагы кабелдик линиянын курулушу жүрүүдө. Бул жумуштар Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТи тарабынан жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Ош-4 көмөк чордонунан чыккан “Город” фидериндеги аба аркылуу өткөн 6 кВ линиянын жүктөмүн азайтуу максатында, узундугу 1 чакырым болгон жер астындагы кабелдик линия (КЛ-6кВ) тартылууда.
Курулуш иштери аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот:
•Шакиров көчөсү
•Грензавод көчөсү
•Масалиева көчөсү
Бул долбоор шаар ичиндеги электр тармактарын жаңыртуу жана жакшыртуу багытындагы иштердин алкагында ишке ашырылып жатат. Ошондой эле, бул линия келечекте аймактын жүктөмүн оптималдаштырууга жана керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз энергия берүү шартын түзөт.