Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчилигине 1 даана кызматтык автоунаа, ал эми Ноокат РЭТинин “Кулатов” участкасына 1 даана “Chevrolet Cobalt” унаасынын ачкычтарын тапшырды.
Аталган автоунааларды тапшыруунун негизиги себеби, Министрлик тарабынан коюлган тапшырмага ылайык, Ош шаарына акылдуу электр эсептегичтер толугу менен 100%га орнотулуп бүткөндүгүндө. Тапшырылган автоунаалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражатына сатып алынды.
Аны менен катар энергетика тармагына эмгеги сиңген Ош электр тармактары ишканасынын эки кызматкери Министрлик тарабынан 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ардак грамота” жана “Алкыш баракчалары” менен сыйланды.
Иш сапардын жүрүшүндө Министр Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин имаратынын капиталдык ремонттон кийинки абалы менен таанышып чыкты. Эскирген имарат жаңыланып, жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аны менен катар энергетика министри кызматкерлер менен жолугуп, аладын сунуш-пикирин жана көйгөйлөрүн угуп, маалымат алды. Ал эми башка Райондук электр тармактарынын тийиштүү жетекчилерине акылдуу эсептегичтерди планга ылайык өз убагында орнотууну тапшырды.
Эске салсак, Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, быйылкы жылдын башынан тарта Ош облусунун Араван жана Өзгөн РЭТтерине, ошондой эле Кара-Суу РЭТинин Ала-Тоо айыл өкмөтүндө жана Ош шаарында да акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери жүзөгө ашырылууда.
Жыл башынан бери Ош облусу боюнча жалпы 66553 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Жыл аягына чейин облус боюнча жалпысынан 100 850 даана акылдуу эсептегич орнотулары күтүлүүдө. Бул демилге калкты сапаттуу кызмат менен камсыз кылууга жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзмөкчү.
Мындан тышкары, министр Араван РЭТинин жаңыдан курулган Чек-Абад участкасынын имараты менен жеринен таанышып, энергетиктердин көйгөйлөрүн, кайрылууларын угуп, маселелердин чечүү жолдорун убадалады.