Колл - борбор: 105, 1209

Ош шаарында Энергетиктер күнү белгиленди

22 Декабрь 2023 ж.

22-декабрь Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын вице мэри Сонунбек Жунусбаев катышты.
 
Ош электр тармактар ишканасынын аткарылган жумуштары, жетишкен ийгиликтерине токтолуп, жалпы жамаатка куттуктоо, калоо тилектер айтылып, иши менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота, мактоо баракча жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
 
Мындан сырткары Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жалпы жамаатка ийгилик каалап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
 
Расмий бөлүктөн сырткары Энергетиктердин арасында маданий конкурс орун алып, Ош ЭТИнин РЭТтеринин таланттуу энергетиктеринин арасында сынак өткөрүлдү.
 
Энергетиктердин ынтымагын бекемдөөгө багышталган сынакта жеңүүчүлөргө акчалай белектер тапшырылды.
 
Майрамыңыздар менен урматтуу энергетиктер!