Колл - борбор: 105

Ош шаарында энергетиктер жолдорду кеңейтүү иштеринде активдүү иш алып барышууда

5 Февраль 2026 ж.

Энергетика министрлигинин өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган пландарынын негизинде “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинин энергетиктери Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан жолдорду кеңейтүү жана инфраструктураны жаңылоо иштерине активдүү катышып, электр тармактарына тиешелүү объектилерди жылдыруу жана иретке келтирүү боюнча масштабдуу иштерди аткарып жатышат.
2026-жылдын 3-январынан тарта Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан жалпы 83 даана электр мамысы (опора) жылдырылды. Анын ичинен 56 даанасы 10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларына, 27 даанасы 0,4 кВ чыңалуудагы линияларга тиешелүү.
Ошондой эле, Абдувалиев көчөсүндө узундугу 1160 метрди түзгөн, ал эми Санкт-Петербург көчөсүндө 880 метр болгон аба чубалгылары башка траекторияга көчүрүлүп, жалпы 2040 метр электр чубалгысы жаңыланды.
Ал эми 47-көчөдө узундугу 600 метр аба чубалгы жана 10 кВ кубаттуулуктагы 17 даана электр мамычасы, 1 даана КТП жылдырылды.
Ошондой эле жол кеңейтүү аймактарында жайгашкан 3 даана КТП жана 1 даана ГКТП коопсуз жана ыңгайлуу жерлерге көчүрүлдү.
Шаардын көчөлөрүн кеңейтүүдө жолдун жээгинде жайгашкан электр мамылары, аба чубалгылары жана трансформаторлор тоскоолдук жараткандыктан, энергетиктер аларды техникалык талаптарга ылайык жаңы жерлерге көчүрүп, кайра орнотууда. Бул иштер жол куруу процессинин үзгүлтүккө учурабастан жүрүшүнө шарт түзүү менен бирге, электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун сактоого багытталган.
Аталган иштердин негизги максаты - шаардагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу менен бирге, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат. Энергетиктер бардык иштерди коопсуздук эрежелерин так сактоо менен, белгиленген мөөнөттөрдө аткарууда.
☎️Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105
0772001209,
0556001209,
WhatsApp 0702001209