Азыркы тапта, Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинин энергетиктери жана ошондой эле Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай, Алай, Ноокат, Араван РЭТтеринин электр куроочулары жумушка тартылып, кран-манипулятор, экскаватор ж.б. жалпы 10 техника менен жумуш жүрүп жатат.
Ош шаарынын мэри Ж.Токторбаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде, шаардын ички кѳчѳлѳрүн кеңейтүүдѳ аткарылып бүткөн жумуштардын тизмеси:
1. Саргалчаев кѳчѳсүндѳ 34 даана мамыча жылдырылып, кошумча 6 даана мамыча орнотулду.
2. Э.Алиев кѳчѳсүндѳ 35 даана мамыча жылдырылды.
3. Токтогул кѳчѳсүндѳ 3 даана мамыча, 1 даана КТП жылдырылды.
4. Коммунист айылында 11 даана мамыча алмаштырылды.
5. «Достук» таможнясында 2 даана мамыча, 1 даана КТП жылдырылды.
6. Куренкеев кѳчѳсүндѳ 29 даана мамыча жылдырылды.
7. Молдо Нияз кѳчѳсүндѳ 16 даана мамыча жылдырылды.
8. Моминова кѳчѳсүндѳ 68 даана мамыча жылдырылып, 9 даана кошумча орнотулду.
9. Курбанов кѳчѳсүндѳ 11 даана мамыча алмаштырылды.
10. Волгоград кѳчѳсүндѳ 30 даана мамыча жылдырылды.
11. Сары-Зоо айылында 5 даана мамыча орнотулуп, 2 даана ТМ алмаштырылды.
12. С.Ибраимов кѳчѳсүндѳ 4 даана мамыча жылдырылды.
13. И.Саидов кѳчѳсүндѳ 12 даана мамыча жылдырылды.
14. Курманжан Датка кѳчѳсүндѳ 1 даана КТП жылдырылды.
15. Р.Абдыкадыров кѳчѳсүндѳ 2 даана мамыча, 1 даана КТП жылдырылды.
16. Б.Осмонов кѳчѳсүндѳ 3 даана мамыча, 3 даана КТП жылдырылды.
17. Юнусов кѳчѳсүндѳ 8 даана мамыча жылдырылып, 3 даана кошумча орнотулду.
18. Атабаев кѳчѳсүндѳ 4 даана мамыча жылдырылды.
19. Д.Садырбаев кѳчѳсүндѳ 2 даана КТП жылдырылды.
20. Урицкий кѳчѳсүндѳ 12 даана мамыча жылдырылып, 40 метр 10 кВ кабель жана 110 метр 0,4 кВ кабель коюлду.