Ош шаарында эски аба чубалгыларды демонтаждоо иштери жүрүп жатат
23 Январь 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан Ош шаарындагы СИП өткөргүчтөр тартылган аба чубалгыларында эски чубалгыларды демонтаждоо иштери жасалып жатат.
Азыркы тапта, жумуш Ош шаарынын Жапалак, Учар, Кеңеш айылдарында жана Ак-Тилек, Черёмушки кичи райондорунда жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 255 км аба чубалгы демонтаждалат, бүгүнкү күндө 179 км бүттү. Электр куроочулардын техникалык коопсуздугун сактоо максатында чыңалуу өчүрүлүп жумуш аткарылат.
Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо РЭТи Ош шаарынын калкынын 60% тейлеп, электр энергиясы менен камсыздайт.

Электр энергиясына боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыз болот.