Колл - борбор: 105

Ош шаарында эски аба чубалгылары СИП өткөргүчтөрүнө алмаштырылууда

30 Сентябрь 2026 ж.

 
Ош шаарындагы Жеңишбек Шамшиев көчөсүндө электр тармактарын жаңылоо жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТи тарабынан капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, 35/6 кВ «Ош-4» көмөк чордонунан чыккан ВЛ-6 кВ фидер «Город-1» аба чубалгысынын эскирген чубалгылары заманбап СИП-3 маркасындагы өткөргүчтөргө алмаштырылып жатат.
🔹 Бүгүнкү күнгө карата иштин биринчи этабынын алкагында 2 чакырым аба чубалгысы алмаштырылып бүттү. Алдыда дагы 5 чакырым аба чубалгысын жаңылоо пландалууда.
Жумушка 25 энергетик жана 4 атайын техника тартылып, белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Аталган аба чубалгысы аркылуу Памир, Шамшиев, Тилеке Баатыр, Увам жана Гагарин көчөлөрүндөгү керектөөчүлөр электр энергиясы менен камсыздалат.
Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштеринин негизги максаты - электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу.
⚡️ Энергетиктердин ар бир аракети - элибиздин жарыкчылыгы жана ишенимдүү электр энергиясы үчүн!