Ош шаарында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө
3 Апрель 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы- Ош электр тармактары ишканасынын Ош шаарын тейлеген Ош жана Сулайман-Тоо РЭТтери тарабынан 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.
Ош шаарын электр энергиясы менен камсыздоо инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2025-жылы бир катар ири долбоорлор ишке ашырылат. Бул долбоорлор электр энергиясын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу, жабдууларды жаңылоо жана энергия жоготууларын азайтуу максатында жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө, 2025-жылга карата пландын негизинде Ош РЭТи жана Сулайман-Тоо РЭТеринде КТП жана КТПГларда утурумдук жана капиталдык ремонт иштери жасалып жатат.
Мындаш тышкары Ош шаары боюнча ушул жылы төмөндөгү жумуштар аткарылат.
Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары жана кабельдик линиялар тартылат:
• 10 кВ линия боюнча жалпы 8,65 км СИП-3 маркасындагы аба чубалгысы тартылат жана 10 кВ 217 даана электр мамычасы орнотулат;
• 10 кВ жер астынан өткөн кабельдик линия боюнча 2,20 км тартылат;
• 0,4 кВ линия боюнча 14,8 км СИП-2 маркасындагы аба чубалгысы тартылат жана 0,4 кВ линия боюнча 295 даана электр тирөөч орнотулат;
• 0,4 кВ жер астынан өткөн кабельдик линия 1,25 км узундукта тартылат.
Трансформатордогу ашыкча жүктү жеңилдетүү жана жабдууларды жаңылоо иштери боюнча:
•Трансформаторлордун ашыкча жүгүн жеңилдетүү үчүн кошумча 5 даана жаңы КТП орнотулат;
• Ошондой эле 8 даана жаңы КТПГ орнотулат;
• Кубаттуулукту жогорулатуу максатында эскилиги жеткен 10 даана трансформатор жаңыртылат:
• 250 кВА – 4 даана,
• 630 кВА – 4 даана,
• 400 кВА – 3 даана;
• 10 даана эски КТП шкафы жаңы КТПГ шкафына алмаштырылат;
• Эскилиги жеткен 4 даана КТПГ шкафы жаңы КТПГ шкафына алмаштырылат.
Утурумдук оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери.
Ош РЭТи боюнча:
• Трансформатордук подстанцияларды (ТП) оңдоо – 64 даана;
• 10 кВ аба чубалгыларын (ВЛ-10) оңдоо – 34,74 км;
• Трансформатордук подстанцияларды техникалык тейлөө – 425 даана;
• 10 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө – 146,7 км;
• 0,4 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө – 306,4 км.
Сулайман-Тоо РЭТи боюнча:
• Трансформатордук подстанцияларды (ТП) оңдоо – 95 даана;
• 10 кВ аба чубалгыларын (ВЛ-10) оңдоо – 13,53 км;
• Трансформатордук подстанцияларды техникалык тейлөө – 592 даана;
• 10 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө – 278,3 км;
• 0,4 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө – 460,5 км.
Жалпысынан ремонт иштери март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.