Ош шаарындагы 35/10кВ “Речная” көмөк чордону толук реконструкциядан өткөрүлөт
1 Май 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, министр Таалайбек Ибраевдин тапшырмасына ылайык “Речная” көмөк чордону толугу менен реконструкциядан өткөрүлөт.
35/10 кВ “Речная” көмөк чордону Ош шаарынын электр энергиясына болгон өсүп жаткан керектөөсүн канааттандыруу, электр энергиясынын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн кубаттуулугу 2х40 МВА 110/10 кВ кубаттуулуктагы трансформаторлорду орнотуу менен 35 кВ “Речная” көмөк чордонун 110 кВга которуу зарыл.
Долбоор ишке ашуусу менен:
1.Ош шаарына электр энергиясын жеткирүү, жаңы долбоорлонгон курулуш долбоорлорун (көп кабаттуу турак жай комплекстерин, калк үчүн соода жана оюн-зоок борборлорун, кичи жана орто бизнести куруу) бириктирүү жана Ош шаарынын инфраструктурасын жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
2.Долбоор 110 кВ тышкы бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү уюштуруу, 110 кВ өчүргүчтөрдү орнотуу, 2х40 МВА 110/35/10 кВ трансформаторлорду орнотуу, 10 кВ элементтерди алмаштыруу жана болжолдуу узундугу 5 км болгон 110 кВ 2 схемалуу аба линиясын курууну камсыз кылат.
“Речная” көмөк чордонунун чыңалуу классын 35 кВдан 110 кВга которуу 110 кВ “Ош-6” көмөк чордонунда, 110 кВ “Барсбек” көмөк чордонунда жана 110 кВ “Ош Жылуулук электр станциясында” жүктөмдөрдү бир топ жеңилдетет.
Модернизацияланган көмөк чордон бул аймактарды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону камсыздайт жана экономиканын түрдүү тармактарынан (туризм, өнөр жай, чакан/орто бизнес) жана калктан жаңы ири абоненттерди кошууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, жабдууларды жаңыртуунун эсебинен ишкананын эксплуатациялык чыгымдары бир топ кыскарат, техникалык жоготуулардын деңгээли төмөндөйт жана көмөк чордондун иштөө мөөнөтү узартылат.
Долбоор боюнча реконструкция иштери 2025-жылы аткарылып, бүткөрүлөт.