Ош шаарындагы ири курулуш долбоорлорунда энергетиктердин эмгеги чоң
28 Август 2026 ж.
Ош шаарында жолдорду кеңейтүү жана ири инфраструктуралык объектилерди куруу иштеринин алкагында энергетиктер тарабынан электр тармактарын жаңы шартка ылайыкташтыруу жана жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда Төрөбай Кулатов кичи районундагы Бекмамат Осмонов жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан “Барсбек” эстакадалык көпүрөсүнө байланыштуу жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу аталган аймактагы инженердик-коммуникациялык тармактарды да көчүрүү зарылдыгы жаралган.
Аталган иштердин алкагында Ош электр тармактары ишканасы тейлеген 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын электр мамычалары жаңы долбоорго ылайыкташтырылып, башка жерге жылдырылууда.
Тактап айтканда, эки чынжырлуу 110 кВ «Узловая – ТЭЦ-1-2» аба чубалгысындагы №59, №60 жана №61 бурчтук анкердик электр мамычаларын жылдыруу каралган. Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен №59 жана №60 электр мамычаларын жылдыруу иштери толугу менен аяктады. Ал эми №61 электр мамычасын жылдыруу иштери учурда активдүү жүргүзүлүп жатат.
Электр мамычаларын жылдыруу - өзгөчө тактыкты, жогорку жоопкерчиликти жана коопсуздук талаптарын так сактоону талап кылган иш. Анткени 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу электр энергиясы өткөрүлүп, алардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу маанилүү.
Ошондуктан энергетиктер тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иштер белгиленген техникалык талаптарга жана коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылууда.
Шаардагы жолдорду кеңейтүү, көпүрөлөрдү жана башка ири объектилерди куруу иштеринде инженердик инфраструктураны жаңы шартка ылайыкташтыруу маанилүү этаптардын бири болуп саналат. Бул багытта энергетиктер шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өз салымын кошуп келишет.
Аталган иштер үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин улантылат.
Ош электр тармактары ишканасы Ош облустук администрациясы, Ош шаарынын мэриясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана жүргүзүлүп жаткан иштерди түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз!