Колл - борбор: 105

Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү жана ири объектилерди куруу иштерине энергетиктер активдүү салым кошуп жатат

25 Август 2026 ж.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Бекмамат Осмонов жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн Кулатов кичи районундагы кесилишинде курулуп жаткан “Барсбек” эстакадалык көпүрөсүнүн курулушуна байланыштуу жол бою кеңейтилип, ал жердеги тиешелүү инфраструктуралык объектилерди жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жолду кеңейтүү жана эстакадалык көпүрөнү куруу иштерине байланыштуу аталган аймакта жайгашкан Ош электр тармактары ишканасы тейлеген 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары жана электр мамычалары да жаңы шартка ылайыкташтырылып, башка жерге жылдырылууда.
Тактап айтканда, ВЛ-110 кВ «Узловая - ТЭЦ-1-2» аба чубалгысындагы №59, №60 жана №61 электр мамычаларын жылдыруу иштери учурда кызуу жүрүп жатат. Бул иштер ири курулуштун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпай, ошол эле учурда электр тармактарынын коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында аткарылууда.
Мындай иштер өзгөчө жоопкерчиликти жана тактыкты талап кылат. Анткени 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу электр энергиясы өткөрүлүп, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу маанилүү. Ошондуктан энергетиктер тарабынан электр мамычаларын жана аба чубалгыларын жылдыруу иштери белгиленген техникалык талаптардын жана коопсуздук эрежелеринин негизинде жүргүзүлүүдө.
Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан жолдорду кеңейтүү, жаңы көпүрөлөрдү жана башка ири объектилерди куруу иштеринде энергетиктердин салымы чоң. Ар бир жаңы жолдун, көпүрөнүн жана курулуш объектисинин артында тиешелүү инженердик тармактарды көчүрүү, кайра куруу жана жаңы шартка ылайыкташтыруу сыяктуу чоң иштер турат.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы шаарды өнүктүрүүгө багытталган ири курулуш долбоорлоруна өз салымын кошуп, электр тармактарын өз убагында жылдыруу жана реконструкциялоо иштерин аткарууда.
Аталган иштер үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин уланат.
Ош электр тармактары ишканасы Ош облустук адмнистрациясы, Ош шаардык мэриясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууда.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана жүргүзүлүп жаткан иштерди туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз! ⚡️