Колл - борбор: 105, 1209

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы темир бетон тирөөчтөр орнотулду

12 Август 2024 ж.

   Бүгүнкү күндө, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинин электр-куроочулары эскилиги жеткен жыгач мамычалардын ордуна жаңы темир бетон мамычаларын орнотуу жана аба чубалгыларын тартуу иштерин аткарууда.
 
  Азыркы учурда Ишкаван айылынын жаңы чектеринде жалпы 17 жаңы темир бетон мамычалар коюлуп бүттү, дагы 10 тирөөч орнотулмакчы. Эски тирөөчтөрдүн алгачкылары 1953-жылдарда коюлган. Төлөйкөн көмөк чордонунан чыккан 10 кВ фидер Кызыл-Байрак линиясы боюнча 1 км аба чубалгысында реконструкция иши жүргүзүлүп жатат.
 
  Мындан тышкары трансформаторлордо капиталдык ремонт иштери, кезектеги техникалык тейлөө иштери жасалат. Пландаштырылган бул оңдоп-түзөө иштери ноябрь айына чейин уланмакчы.
 
  Жасалып жаткан жумуштар, элди үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону көздөйт.
Сулайман-Тоо РЭТи Ош шаарынын калкынын 54%ын электр энергиясы менен камсыздайт.