Колл - борбор: 105, 1209

Ош жергесинде энергетиктердин кесиптик чеберчилиги боюнча мелдеш башталды

24 Июль 2024 ж.

   Бүгүн, 24-июлда «КУЭТ” ААКнын филиалы- Ош электр тармактар ишканасынын Араван РЭТинин базасында «Бөлүштүүрүчү электр тармактарынын мыкты оңдоо бригадасы» наамына кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өтүп жатат.
 
  Иш чаранын ачылуу аземинде Ош электр тармактар ишканасынын директору Э.К.Ысманов куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.
 
  Ошондой эле, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев өз сөзүндө, акыркы учурларда энергетиктердин жумушу бир топ алдыга жылгандыгын, кандай гана кырдаал болбосун энергетиктер ыкчам жана сапаттуу жумуш жасашаарын баса белгиледи.
 
   Мелдеш 25-июлга чейин уланып, жалпы 6 этаптан турат. Бул сыяктуу иш-чаралар оңдоо иштеринин сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
 
   Катышуучулар практикалык тапшырмаларды жана коопсуздук чараларын жана электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча экзамен тапшырышат.
 
   Мелдешке жалпы Ош облусу боюнча 9 РЭТтен 9 команда катышууда.