Ошто энергетиктер шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго активдүү салым кошууда
3 Август 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышып келет.
Учурда Ош РЭТинин жана Сулайман-Тоо РЭТинин кызматкерлери тарабынан жол куруу жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жол боюндагы электр мамычаларын, аба чубалгыларын жана көмөкчү чордондорду (КТП, ГКТП) көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан Ю.Төлөнов, Санкт-Петербург, Абдувалиев, Амир Темур, Алиев, Б. Осмонов, Достук № 47 көчөлөрүндө, Жапалак, Мээркан, Кең-Сай айылдарында аба чубалгыларын куруу боюнча
− 312 даана электр мамычалары жылдырылды, 18 даанасы демонтаж болду.
− 56 даана мамыча кошумча орнотулду,
− 9 даана КТП жылдырылып, 3 даана КТП демонтаж болду.
Ош РЭТи тарабынан Исанов, Мирсаатова, Памир, А.Шакиров, Жумабаева, Депутатская, А.Шакиров, Хакимжан ажы, Ош, Авиценна көчөлөрүндө жалпы 541 даана мамычалар аба чубалгылары менен жылдырылып жана жаңы орнотулду.
Аталган иштер шаардагы инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууга шарт түзүп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, көчөлөрдү кеңейтүүгө жана шаарды көрктөндүрүүгө өбөлгө болот. Ошол эле учурда электр жабдуулар заманбап талаптарга ылайык кайра жайгаштырылып, алардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.
Мекеме тарабынан мындан тышкары Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Ош электр тармактары ишканасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мекемелер менен тыгыз кызматташып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өз салымын кошууну улантат.

