Ошто энергетиктер тынымсыз аракетте
7 Апрель 2026 ж.
Күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагында Ош шаарында жана облус аймагында энергетиктер пландаштырылган ремонт иштерин жасап жатышат.
Бүгүнкү күндө, Сулайман-Тоо РЭТи тейлеген Ош шаарынын Кирпичный кичи районунун Мирная көчөсүндө “Ош-3” көмөк чордонунан чыккан 46- аба чубалгысынын №1086 трансформатордо ремонт иштери жасалууда. Мындан тышкары, ушундай эле оңдоо иштери Учар айыл аймагында жүргүзүлүп жатат.
Капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөө иштери “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери тарабынан жасалууда.
Бул иштердин баары - элдин жайлуу жана жарык жашоосу үчүн жасалып жаткан маанилүү аракеттердин бири. Ар бир оңдолгон трансформатор, жаңыланган аба чубалгы - кыш мезгилинде жарыктын өчпөй, үйлөрдө жылуулуктун сакталышына шарт түзөт. Энергетиктердин күнүмдүк эмгеги аркылуу оор жүктөм учурунда да электр тармактары туруктуу иштеп, калкка сапаттуу электр энергиясы жеткирилет.