Колл - борбор: 105

Ошто энергетиктер жолдорду кеңейтүү иштерине активдүү катышууда

15 Май 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү иштеринин алкагында жол боюндагы электр мамычаларын жана аба чубалгыларын жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын башынан бери Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан бир катар көчөлөрдө электр мамычалары жылдырылып, көмөкчү чордонду көчүрүү иштери аткарылды.
Алар:
1. №47 көчө - 17 даана мамыча, 1 даана КТП
2. Санкт-Петербург көчөсү - 36 даана мамыча, 3 даана КТП
3. Абдувалиев көчөсү - 53 даана мамыча, 1 даана КТП
4. Т.Атабаев көчөсү - 23 даана мамыча, 1 даана КТП демонтаж
5. Э.Алиев көчөсү - 10 даана мамыча
6. Мамыров көчөсү - 6 даана мамыча
7. Көкүм-Бий көчөсү - 6 даана мамыча
8. Г.Айтиев көчөсү - 4 даана мамыча
9. Төлөнов көчөсү - 44 даана мамыча
10. Пржевальский көчөсү - 7 даана мамыча
11. Б.Осмонов көчөсү - 19 даана мамыча
12. Жапалак айылы - 3 даана мамыча, 1 даана КТП
13. Ишкаван айылы - 1 даана мамыча
Жалпысынан 229 даана электр мамычасы жылдырылып, 6 даана КТП көчүрүлдү. Ошондой эле 1 даана КТП демонтаж болду.
Учурда жолдорду кеңейтүү иштерине байланыштуу электр тармактарын иретке келтирүү иштери уланууда.