🔹Ошто ири энергетикалык курулуш жана модернизация иштери аткарылат
26 Февраль 2026 ж.
Энергетика министрлиги 2026-жылы тармакты өнүктүрүүгө, эскирген жабдууларды жаңылоого, кубаттуулукту көтөрүүгө карата бир катар пландарды койду. Анын алкагында, Ошто быйыл капиталдык курулуш, реконструкция, техникалык оңдоп-түзөө жана модернизациялоо боюнча кеңири масштабдагы иштер аткарылат.

Жалпы пландык иштердин суммасы 527 065,2 миң сомду түзүп, “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.

Жаңы курулуш багыты боюнча жалпы 180 788,8 миң сомдук иштер аткарылат. Анын алкагында:
• 110/35/10 кВ «Мырза-Аке» көмөк чордонунун курулушу;
• 110 кВ «Беш-Мойнок» көмөк чордонунун экинчи кезектеги курулушу;
• 35/10 кВ «Жаны-Арык» көмөкчү чордонунун аймагына энергетиктер үчүн кызматтык үй (СБП) куруу;
• Ош ЭТИнин борбордук кампасынын аймагында навес куруу;
• Ноокат РЭТинин аймагында трансформаторлорду оңдоо цехин (ЦРТ) куруу;
• Ош-2 жана Ош-5 көмөк чордондорунда май кабылдагыч жана май чогулткучтарды орнотуу -5 даана;
• Таширов, Кыргыз-Ата, Төбө-Коргон, Көк-Жар аймактарында УЭСтердин (участкалардын) курулушу;
• Ноокат РЭТинин имаратына жылытуу системасын монтаждоо;
• Кошумча КТП орнотуу - 11 даана;
• Кошумча ГКТП орнотуу -19 даана;
• 10 кВ аба чубалгыларын (СИП-3) куруу -16,33 км;
• 0,4 кВ аба чубалгыларын (СИП-2) куруу - 15,31 км;
• 10 кВ кабелдик линияларды куруу - 0,71 км;
• 0,4 кВ кабелдик линияларды куруу - 0,40 км.
Бул иштер аймактардагы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы керектөөчүлөрдү кошууга шарт түзөт.

Реконструкция жана кеңейтүү багытында 103 239,3 миң сомдук иштер жүргүзүлөт:
• 35 кВ «Ош-5 – Ош-1» кабелдик линиясынын реконструкциясы - 6,41 км;
• 6-10 кВ аба чубалгыларын (СИП-3) реконструкциялоо - 50,67 км;
• 0,4 кВ аба чубалгыларын (СИП-2) реконструкциялоо - 52,34 км;
• 0,4 кВ кабелдик линияларды жаңылоо - 0,48 км.
Бул иштер электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртып, авариялык өчүүлөрдү кыскартууга багытталат.

Техникалык оңдоп-түзөө жана модернизация боюнча жумуштардын жалпы суммасы 243 037,1 миң сомду түзөт.
Пландын алкагында:
• 110 кВ өчүргүчтөрдү алмаштыруу - 4 комплект;
• 35 кВ өчүргүчтөрдү алмаштыруу - 4 комплект;
• 10 кВ КРУН ячейкаларын орнотуу жана алмаштыруу - 44 ячейка;
• 35 кВ аба чубалгыларындагы зымдарды кубаттуулугу жогору зымдарга алмаштыруу - 27,9 км;
• Байланыш конденсаторлорун орнотуу - 2 комплект;
• Комплекттүү трансформатордук көмөк чордон(КТП) шкафтарын ГКТПга алмаштыруу (ТМ менен) - 14 даана;
• КТП шкафтарын ГКТПга алмаштыруу - 27 даана;
• Шаар тибиндеги комплекттүү трансформатордук көмөк чордон(ГКТП) шкафтарын алмаштыруу (ТМ менен) - 2 даана;
• ГКТП шкафтарын алмаштыруу - 6 даана;
• Өз керектөөлөр үчүн трансформатор(ТСН) орнотуу жана алмаштыруу - 4 даана;
• Объекттерге инженердик-техникалык коргоо системаларын орнотуу - 3 объект;
2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдык катары каралган бул ири масштабдагы иштер - Ош облусундагы электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, жабдуулардын эскиришин азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.