Колл - борбор: 105

Ошто кабелдик чубалгылар жаңыланууда

24 Апрель 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасына Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынган 10,5 км узундуктагы кабелдик чубалгылар тартылууда. Бүгүнкү күндө, 65-көмөкчү чордон (ТП) менен 361-көмөкчү чордондорун(ТП) туташтырган 10 кВтук фидер Быткомбинат 350 метр болгон кабелдик чубалгылары реконструкциялоо жолу менен алмаштырылып жатат.
Буга чейин жыл башынан тарта Ош шаарында 2,5 км кабелдик 10 кВтук чубалгы алмашылган. Жыл аягына чейин пландалган 10,5 км 10 кВтук кабелдик чубалгылары толугу менен алмаштырылып бүткөрүлөт.
Жаңылоо иштери аяктагандан кийин электр тармагындагы техникалык жоготуулар азайып, жабдуулардын ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт. Натыйжада авариялык өчүүлөрдүн саны кыскарып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейтилет.
Мындан тышкары, жаңы кабелдик чубалгылар тышкы таасирлерге туруктуу болуп, өзгөчө күз-кыш мезгилинде жүктөм көбөйгөн учурда тармактын туруктуу иштешин камсыз кылат. Бул болсо калктын жашоо шартын жакшыртып, ишканалардын үзгүлтүксүз иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.