Колл - борбор: 105, 1209

Ошто каскадтык метод менен трансформаторлор жаңыланууда

31 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырманын алкагында, Ош электр тармактарында күч трансформаторлорун каскаддык метод менен алмаштыруу иштери жүрүүдө. Максат - жарандарды электр энергиясы менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоо, ошондой эле тармактардын ишенимдүүлүгүн арттыруу.
Бүгүнкү күндө аталган иштер “КУЭТ” ААКтын филиалы- Ош электр тармактары ишканасынын 35/10 кВ чыңалуудагы “Ош-7” көмөк чордонунан башталды. Бул жерде мурда орнотулган 10 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 000 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылууда.
Бул кадам Ош шаарынын Түштүк-Батыш бөлүгүнүн электр энергиясы менен камсыздоосун бекемдөөгө багытталган. Акыркы жылдары Ош шаарында жаңы турак жайлар, социалдык жана өндүрүш объектилери көбөйүп, жалпы керектөөнүн көлөмү артып жаткандыгына байланыштуу, күч трансформаторлорунун кубаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.
Жаңылануу жүрүп жаткан көмөк чордондор:
• 220/110/10 кВ Узловая
• 35/10 кВ Речная
• 35/10 кВ Западная
• 35/10 кВ Мырза-Аке
• 35/10 кВ Ош-7
• 35/10-6 кВ Ош-5
• 35/10-6 кВ Ош-3000
Жүргүзүлүп жаткан негизги иштер:
🔹 AT-1 200 МВА автотрансформатору 250 МВАга алмаштырылды
🔹 T-1 10 МВА трансформатору 16 МВАга жаңыртылууда
Каскаддык алмаштыруу тартиби:
• Речная КЧдан алынган 10 МВА трансформатор → Западная КЧдагы 6,3 МВАнын ордуна
• Западная КЧдан алынган 6,3 МВА трансформатор → Мырза-Аке КЧдагы 2,5 МВАнын ордуна
• Мырза-Аке КЧдан алынган 2,5 МВА трансформатор → Заргер КЧдагы 1,6 МВАнын ордуна орнотулат
• Заргер КЧдан алынган трансформатор Ош электр тармактары ишканасынын кампасына тапшырылат
Мындан тышкары:
• Ош-7 КЧдан алынган 10 МВА трансформатор → Ош-5 КЧдагы 6,3 МВАнын ордуна
• Ош-5 КЧдан алынган 6,3 МВА трансформатор → Ош-3000 КЧдагы 4 МВАнын ордуна
• Ош-3000 КЧдан алынган 4 МВА трансформатор → Отуз-Адыр КЧдагы 2,5 МВАнын ордуна
• Отуз-Адыр КЧдан алынган 2,5 МВА трансформатор да кампага өткөрүлөт
Жасалып жаткан жумуштардын натыйжасында Ош шаарынын жана Ош облусунун электр тармактарындагы жүктөм бөлүштүрүү жакшыртылып, кубаттуулук жогорулайт. Жарандар, ишканалар жана социалдык объектилер үчүн электр энергиясынын түзүмдүү, туруктуу жана сапаттуу жеткирилиши камсыз болот. Ошондой эле, жабдуулардын ишенимдүүлүгү артат.
☎️Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105; 1209;
0772001209,
0556001209,
WhatsApp 0702001209