Ошто көмөк чордондорду күз-кыш мезгилине даярдоо кызуу жүргүзүлүүдө
11 Август 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан жабдуулардын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында мекемеде 2026-жылга карата пландалган капиталдык оңдоо жана техникалык жаңылоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Жылдык пландын алкагында негизги аткарылып жаткан иштер:

ОПНдер орнотулууда. Капиталдык курулуш планынын негизинде 110 кВ кубаттуулуктагы чектөөчү ашыкча чыңалуудан коргоочу разрядниктер (ОПН) электр тармактарына орнотулуп, жабдууларды ашыкча чыңалуудан коргоо жана алардын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу чаралары күчөтүлүүдө.

110 кВ өчүргүчтөр жаңыланууда.
«Кара-Кулжа», «Узловая» жана «Кашкар-Кыштак» көмөк чордондорунда эскирген өчүргүчтөр жаңы үлгүдөгү жабдууларга алмаштырылды.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата капиталдык оңдоо планына ылайык, 35 кВ жана андан жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондордо март айынан сентябрь айына чейин жабдууларды оңдоо жана техникалык жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер, бүгүнкү күндө 110/35/10/6 кВ Абдыкалык Молдоисаев атындагы “Центр” көмөк чордонунда жасалууда.
Ар бир объект боюнча аткарылуучу иштердин көлөмү, жабдуулардын саны жана оңдоо мөөнөттөрү алдын ала белгиленип, иштер бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.
Негизги максат - электр энергиясын керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүү.