Колл - борбор: 105, 1209

Оштогу “Борборлоштурулган оңдоочу цех” бөлүмү жыл бою тынымсыз иштейт

31 Январь 2025 ж.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын “Борборлоштурулган оңдоо цехи” бөлүмүндө жыл бою жумуш токтоосуз жүрөт. Бөлүмдө жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Цех Ош облусу боюнча жабыркаган, зыянга учураган трансформаторлорду оңдоп-түзөө иштерин аткарат.
 
   Негизинен оңдоого муктаж болгон трансформаторлор Ош электр тармактары ишканасынын облус боюнча траснформатор оңдоочу цехи жок РЭТтерден келет.
 
 Бөлүм бизнес пландын негизинде иш жүргүзүп, иш алып барат. Быйылкы жылга 60 трансформаторго болжолдолунган, келип түшкөн трансформатордун саны 100 гө жетти. Көбүнесе күч трансформаторлору жана капиталдык ремонтко жасалышы керек болгон трансформаторлор.
 
  Ремонтко керектелүүчү шаймандар “КУЭТ” ААК тарабынан өз убагында камсыздандырылат. Бөлүмдүн энергетиктери трансформаторду белгиленген мөөнөттө оңдоп-түзөп РЭТтерге чыгарып беришет.