
Өндүрүштүн артыкчылыктары:
* Сатып алуу чыгымдарын азайтуу: өз өндүрүштү уюштуруу менен темир-бетон буюмдарын сатып алууга кеткен чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;
* Жумуш орундарын түзүү: цехтин ишке кириши менен жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт;
* Жогорку өндүрүштүүлүк: буюмдарды массалык түрдө чыгаруу аркылуу курулуш долбоорлорунун талаптарын ыкчам канааттандырууга болот;
* Продукциянын сапаты: технологиялык процесстерди сактоо жана бардык этаптарда көзөмөл жүргүзүү буюмдардын ишенимдүүлүгүн камсыздайт;
* Өндүрүштүн ийкемдүүлүгү: ар кандай типтеги темир-бетон буюмдарын жеке буюрмалар боюнча чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.