Колл - борбор: 105, 1209

Пландалган иш чаралар жүргүзүлүүдө

24 Январь 2024 ж.

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында электр жабдууларын авариялык кырдаалдан алдын ала сактап калуу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
 
Тепловизиондук көзөмөл прибору менен ар бир тетиктин байланыштарынын иштөө акыбалы текшерилет. Эгер байланыштарда кемтиктер байкалса оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул иштин негизги максаты электр жабдууларын авариялык абалга жеткирбөө болуп саналат.