Энерго объектилерди 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо максатында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 1-ноябрь күнү 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы убактылуу болбойт:
➡️ Кара-Суу РЭТ: Калинин, Агартуу, Эски-Маданият, Большевик, Зарбалик, Мамажан айылдарында. Жылкелди айылынын Ленин участогунда.
➡️Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Анар кичи районундагы Nº 14, 17, 21 көп кабаттуу үйлөрдө, Кулатов кичи
районундагы Бекбалаев көчөсү, Аскер шаарчасы, 218-квартал, Коргон, Тээке, Кенеш айылдарында. Каримов көчөсүндө.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз!