Речная, Ош-7 көмөк чордондоруна 16 МВА трансформатор орнотулду
None
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырманын алкагында, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактарында 35/10 кВ “Речная” жана 35/10 кВ чыңалуудагы “Ош-7” көмөк чордондорунда 10 МВА күч трансформаторлорунун ордуна 16 МВА кубаттуулуктагы күч трансформаторлору орнотулду.
Аталган трансформаторлор каскаддык метод менен алмаштырылды. Максат - жарандарды электр энергиясы менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоо, ошондой эле тармактын ишенимдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.
Бул кадам Ош шаарын электр энергиясы менен камсыздоосун бекемдөөгө багытталган. Акыркы жылдары Ош шаарында жаңы турак жайлар, социалдык жана өндүрүш объектилери көбөйүп, жалпы керектөөнүн көлөмү артып жаткандыгына байланыштуу, күч трансформаторлорунун кубаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жаралган. Айта кетсек, 2024-жылы 10 айга Ош шаары 803 061 мин кВт/с алган болсо, 2025-жылдын 10 айында 897 928 мин кВт/с пайдаланылды. Башкача айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу электр энергиясы 95 млнго ашыкча колдонулду.
Каскаддык алмаштыруу тартиби:
•Ош-7ден чыккан 10 МВА трансформатор → Ош-5 көмөк чордонуна орнотулду.
•Ош-5тен чыккан 6 МВА трансформатор → Ош-3000 көмөк чордонуна орнотулду.
• Речная КЧдан алынган 10 МВА трансформатор → Западная КЧдагы 6,3 МВАнын ордуна
• Западная КЧдан алынган 6,3 МВА трансформатор → Мырза-Аке КЧдагы 2,5 МВАнын ордуна
• Мырза-Аке КЧдан алынган 2,5 МВА трансформатор → Заргер КЧдагы 1,6 МВАнын ордуна орнотулат.
• Заргер КЧдан алынган трансформатор Ош электр тармактары ишканасынын кампасына тапшырылат.
Жасалып жаткан жумуштардын натыйжасында Ош шаарынын жана Ош облусунун электр тармактарындагы жүктөм бөлүштүрүү жакшыртылып, кубаттуулук жогорулайт. Жарандар, ишканалар жана социалдык объектилер үчүн электр энергиясынын түзүмдүү, туруктуу жана сапаттуу жеткирилиши камсыз болот. Ошондой эле, жабдуулардын ишенимдүүлүгү артат.

Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105; 1209;
0772001209,
0556001209,
WhatsApp 0702001209