Колл - борбор: 105, 1209

Өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү

30 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын 110/35/10 кВ “Ош-6” көмөк чордонунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош ЭТИ менен биргеликте өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун негизги максаты — энергетикалык объектилердеги коопсуздукту камсыздоо, кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жана ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу, ошондой эле ӨКМ кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп саналат.
Машыгууга:
• Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженери Марат Раймалиев, жетекчилер жана кызматкерлер,
• Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына караштуу өрт өчүрүү кызматынын 50 өздүк курамы,
• Ошондой эле 2 өрт өчүрүүчү техникалык бирдик катышты.
Машыгуу сценарийинин алкагында шарттуу өрт чыккан учурда:
• авариялык сигналды берүү,
• объектте өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлдү,
• ӨКМдин кызматкерлери менен координацияланган иш алып баруу сынактан өттү.
Жыйынтыгында машыгуу ийгиликтүү өтүп, катышуучулар өрт коопсуздугу боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетишти.
Мындай машыгуулар энергетикалык тармакта иштеген кызматкерлердин коопсуздугу жана ишкананын үзгүлтүксүз иштеши үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп кетүү зарыл.