Колл - борбор: 105, 1209

Сарамжалдуулук менен сапатка жетебиз

4 Июль 2023 ж.

Сарамжалдуулук менен сапатка жетебиз 💡💡💡
Ош электр тармактар ишканасы электр энергиясын сапаттуу жана үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн сарамжалдуулукка, үнөмдөөгө чакырат. 🛎🛎🛎
Электр энергиясын эмне себептен үнөмдөө керек? Буга эң аз дегенде 5 себеп бар:
1) Каражатты үнөмдөө. ✅
Энерго үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу, үйлөрдү жылуулатуу жана жарыкты үйдөн чыгып жатып өчүрүп туруу менен биз электр энергиясынын төлөмдөрүн азайтабыз. Айрыкча кышкысын.
2) Айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирүү. ✅
Биздин өлкөдө электр энергиясы ГЭСтерден гана өндүрүлбөйт, көмүр менен иштеген жылуулук станциялары дагы бар. Бул экологиялык жактан анча таза эмес жана абаны булгоого алып келет. Жеке турак-жайлар тууралуу айта турган болсок, эгер үйлөр жакшылап жылууланса, анда көмүр жакпай эле, энерго үнөмдүү жабдуулар менен жылытса болот.
3) Тармак үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүгү. ✅
Жыл сайын электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү өсүп келет. Суроо-талапка жооп берүү үчүн, энергокомпаниялар модернизацияга жана кубаттуулукту жогорулатуу үчүн чоң каражат жумшап келет. Эгер колдонуу көрсөткүчү чоң болсо, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү азая берет. Тагыраак айтканда – системада өчүрүүлөр, авариялар орун алып, биз жарыгы жок калабыз. Электр энергиясын үнөмдөө менен биз тармактын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуп, аварияларды, маал-маалы менен өчүрүүлөрдү алдын алууга шарт түзөбүз.
4) Ресурстарды үнөмдөө. ✅
Биз электр энергиясын улам көп колдонуп жатабыз, бирок суу сактагычтарда суунун көлөмү көбөйгөн жок. Жаңы объектилерди куруу жана болгондорун жаңыртуу – көп убакытты жана чоң суммадагы каражатты талап кылат. Азырынча биз суу энергетикасын ТЭЦтер менен компенсациялап жатабыз, бирок бул кымбатка айланууда, анын үстүнө – 2-пунктту караңыз. Электр энергиясын азыраак колдонуп, биз ресурстарды сактоого жардам берип жатабыз.
5) Энерго натыйжалуулукту жогорулатуу. ✅
Иштелип чыккан электр энергиясынын бүт көлөмү багыттуу колдонулбайт, бир бөлүгү жөндөн жөн эле сарпталат. Кеп, жеткирүүдөгү техникалык жоготуулар тууралуу гана болгон жок, биз өзүбүз – тиричилик керектөөчүлөр – электр энергиясын жөндөн жөн коротуп жүрөбүз. Иштеп жаткан сыналгы, телефон кубаттагычтар, эчким жок болгон бөлмөдө күйүп турган шамчырак, эшик ачык турганда иштеп жаткан вентиляторлор жана жылыткычтар. Биз өзүбүз электр энергиясын жөндөн жөн коротпошубуз керек. Муну менен биз энерго натыйжалуулукту өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошобуз.